• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

24-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 20-октябрдан 24-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

20-21-октябрларда жана 22-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоо этектерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоо этектерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоо этектерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-24- октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

20-22-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. 23-24-октябрларда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

20-21-октябрларда жана 22-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-октябрда күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарында жана Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

23-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан,кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

24-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан,кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метден, 22-24- октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

20-22-октябрларда жана 23-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

23-октябрда күндүз жана 24-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жаан,кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

24-октябрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан,кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метден, 22-24-октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

20-22-октябрларда жана 23-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

23-октябрда күндүз жана 24-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 22-24-октябрларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

20-22-октябрларда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-октябрда күндүз жана 23-24-октябрларда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метден, 22-24- октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий