• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

24-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Эртең, 24-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22;

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 8…13;

Баткен облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;

Эртең, Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 19…21 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий