• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

24-сентябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Эртең, 24-сентябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көлдө 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27, Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23, Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26 градус.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31 градуска жетет.

Эртең, 24-сентябрда борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12 градус, күндүз 25…27 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий