• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

25-29-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. 25-27-декабрларда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

25-26-декабрларда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат: ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши мүмкүн.

28-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий