• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

25-29-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 25-февралдан 29-февралга чейин республика аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

25-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

25-февралда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаашы ыктымал. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде, тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

26-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорундо жана Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

27-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. 27-февралда күндүз жана 28-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.27-28-февралдарда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда каттуу жаан-чачын жаашы мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-февралда күндүз жана 27-февралда кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал.

28-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорунда, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында15-20 метрге жетиши ыктымал.

29-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий