• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

25-29-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. 25-27-октябрь күндөрү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетип, шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

28-октябрда Ош, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

29-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий