• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

25-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.08.18. /Кабар/. Эртең, 22-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 23-августта күндүз жана 24-августта Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

25-августта жаан-чачын күтүлбөйт. 26-августта тоо этектеринде жана тоолуу райондорда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

27-28-август күндөрү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Кыргыз Республикасынын токойлорунда өрт коркунучунун болжолу

Талас, Лейлек, Базар-Коргон,Аксы райондорунун токойлорунда өрттүн жогору коркунучу бар,калган аймактардын токойлорунда өрттүн коркунучу аз.

Пикир

Оставить комментарий