• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

25-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Эртең, 25-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...+3 градус, Талас облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...+2 градус жылуу болот.

Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -5...-10 градус суук болсо, түнкүсүн -6...-11, күндүз -4...+1 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5 градуска жетет.

Эртең, 25-декабрда борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -12...-14, күндүз 1...3 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий