• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

25-февралга чейин Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. 20-февралдан 25-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 21-февралда жана 22-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. 22-февралда күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жаан, кар жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

23-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. 23-февралда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-февралда күндүз жана 23-февралда түнкүсүн, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 24-февралда эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 25-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий