• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

25-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз +8…+13, Таласта күндүз +7…+12 градус жылуу болот. Ысык-Көл облусунда +3…+8, Нарын облусунда 0…+5 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10…+15 градуска жетет.

Борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын табы күндүз +11…+13 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий