• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

25-январда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 25-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -1...-6, Талас облусунда -2...+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -1...+4, Ысык-Көл облусунда 0...+5, Нарын облусунда -9...-14 градус болору күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы -1...-3 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий