• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

25-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Эртең, 25-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Чүй облусунда абанын температурасы түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7, Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7 градус, Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5, Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15 градус.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын түнкү температурасы -3…-5°, күндүзү 5…7 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий