• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

25-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 21-июлдан 25-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

21-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

22-июлда Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

23-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 23-июлда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 24-июлда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

25-июлда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 25-июлда күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-июлда жана 24-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

21-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

22-25-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-июлда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

21-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

22-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 22-июлда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү кутүлөт, Баткен облусунда жана Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

23-июлда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 23-июлда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 24-июлда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшүкүтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

25-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Баткен облусунда жана Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 25-июлда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-июлда жана 24-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

21-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

21-июлда күндүз жана 22-июлда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

23-июлда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

24-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

24-июлда күндүз жана 25-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 25-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

21-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 21-июлда күндүз жана 22-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

23-24-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. 25-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-22-июлдарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

21-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 21-июлда күндүз жана 22-июлда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, кээ бир райондордо жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт.

23-июлда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 24-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 24-июлда күндүз жана 25-июлда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий