• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

25-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. Эртең, 25-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Баткен облусунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын облусунда жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 24...29,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 16...21, күндүз 31...37,

Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28,

Нарын облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 21...26,

Эртең Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 26…28 градуска чейин ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий