• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

25-июнга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Эртең, 25-июнда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34, Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33 градус болот.

Ысык-Көл облусунда болсо түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27, Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25 градуска чейин жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34 градус, Баткен облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35 градус ысык болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градус жогору болот.

Пикир

Оставить комментарий