• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

25-майда Бишкектин мектептеринде акыркы коңгуроо кагылат

Коом 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. 25-майда саат 9:00дө Бишкек шаарынын мектептеринде окуу жылынын аякташына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, иш-чаралар акысыз өткөрүлөт, акча чогултууга, ошондой эле кечки жана түнкүсүн майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.

Бул күнү билим берүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун кызматкерлеринин күнү-түнү нөөмөтү уюштурулуп, Бишкек шаарынын укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт.

Мектептер тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотууга чейин тартиптик чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий