• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

25-майга карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 25-май /Кабар/. Бүгүн, 25-майда түнкүсүн өлкөнүн кээ бир аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы маалымдады.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30;

Ысык-Көл жергесиндедө түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+19, күндүз +23...+28;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +14...+16, күндүз +26...+28 градуска чейин ысык болот.

Ал эми 26-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 27-майда жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий