• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

25-марттан бери Жалал-Абад облусунда 229 кылмыш катталды – комендант

Аймак 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Өзгөчө абал киргизилгенден – 25-марттан бери Жалал-Абад облусунда 229 кылмыш катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Ал белгилегендей, алардын ичинен 75 кылмыш Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда катталган.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-апрелге карата коронавирус жуктурган 12 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 228ге жетет. Алардын ичинен 23 адам коронавирустан айыккан. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий