• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

25-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Эртең, 25-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20 градус, Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 15…20 градуска жетет.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3 градус, күндүз 18... 20 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий