• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

25 пайыз арзандатуу. Ош шаарында дагы бир социалдык дарыкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 05.11.22. /Кабар/. Ош шаарында дагы бир социалдык дарыкана ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин түштүк бөлүмүнүн башчысы Жигитали Жолдошев, “Дармек-Фарм” ЖЧКсынын директору Зайырбек Киргизбаев, “Социалдык аптека” ЖЧКсынын директору Асел Токтомушева, медицина кызматкерлери, жергиликтүү тургундар катышты.

Өз сөзүндө Рыскулова майыптыгы бар жарандарга жана калктын аялуу катмарына зарыл шарттарды түзүү максатында калаанын ар кайсы кичи райондорунда социалдык дарыканаларды ачуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Бул дарыканаларда майыптыгы бар жарандар тиешелүү анкетаны толтуруу менен дары-дармектерди сатып алууда 15%дан 25%га чейин жеңилдик берген атайын карта алышат. Карыларга 15% арзандатуу берилет. Калган жарандарга - 10%.

Бардык дары-дармектер дарыкана кампаларынын дүң баасында сатылат.

Белгилей кетсек, бул Ош шаарында ачылган үчүнчү социалдык дарыкана. Буга чейин социалдык Курманжан датка көчөсүндө жана Жапалак айылында ачылган.

Маалым болгондой, жакын арада Ош шаарында дагы ү социалдык дарыкана ачылат. Бул дарыканаларды Ош шаарынын мэриясы Дары-дармек жана медициналык техника департаменти жана “Дармек-Фарм” ЖЧКсы менен биргеликте ачты.

Пикир

Оставить комментарий