• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

25 жашка чейинки эркектер арасында республикалык Куран жарышы өтөт

Коом 0

Бишкек, 27.02.18. /Кабар/. Ошто 8 – республикалык Куран жарышы өтөт,-деп билдирет КМДБнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фондунун Ош филиалынын мүдүрү Алымжан Жунусов менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда КМДБ жана “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фонду тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан 8 - республикалык Куран жарышы 2018-жылдын 26-мартында Бишкек шаарында өткөрүлөөрү айтылды.

8 - республикалык Куран жарышына облустук жана шаардык аймактарда тандоо туру 3 түрдө өтөт. Куранды толук жаттагандар, 20 парасын жаттагандар жана 10 парасын жаттагандар арасында болмокчу. Сынакка 25 жашка чейинки эркектер гана катыша алат.

Катышуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу 0778 488 388, 0556 488 288 сөзсүз катталуу керек.

Маалыматка ылайык, облустук жана шаардык денгээлдеги жарыштын жеңүүчүлөрүнө республикалык деңгээлдеги финалдык жарышка жолдомо, акчалай сыйлыктар, кызыктуу белектер берилет.

Пикир

Оставить комментарий