• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

25 жаштагы милиционерди бычактаган шектүү окуянын кандай болгондугун айтып берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.10.17. /Кабар/. Бишкекте милициянын кызматкери Майрамбек Уларбековду бычактап кеткен шектүү милиция тарабынан кармалып, окуянын кандай болгондугун айтып берди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кармалган шектүү 1991-жылы туулган Талас облусунун С.Б., аттуу жараны болуп чыккан. Учурда ал шаарда жашап, жумушсуз жүргөндүгү маалым болгон.

“Ал кишинин өзүн алып жүрүшү милиция кызматкеринде шек жаратып, ал жакын басып келип аны токтоткон. Шектүү түн ортосунда түнкү чырактардан бетин жашырып алып, сейилдеп жүргөн. Анын үстүнө ал тез-тез компьютердик оюндарды ойноп турчу. Майрамбек Уларбеков күбөлүгүн көрсөтүп, ал бул убакта эмне кылып жүргөндүгүнө кызыкканда шектүү жини келип кетип, койнундагы бычакты алып чыгып, Майрамбекти бир сайып, окуя болгон жерден качып кеткен”,-деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө айтылгандай, учурда шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда иликтөө амалдары жүрүүдө, бир катар экспертизалар дайындалды.

Эске сала кетсек, 26-октябрда Бишкек шаардык Биринчи май райондук ИИБ криминалдык милиция кызматынын ыйгарым укуктуу кызматкери бычакталган.

Пикир

Оставить комментарий