• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

250 чарчы метр чатыр күйүп кетти — Оштогу үйлөрдөн чыккан өрттүн кесепети

Аймак 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/. Ош шаарынын Пахта көчөсүндө жайгашкан №11,13,15 турак үйлөрдөн чыккан өрт саат 15:55те толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Өрттүн кесепетинен 3 турак үйдүн болжол менен 250 чарчы метр чатыры, бөлмөлөрдүн шыбы күйүп кеткен.

Кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар катталган жок.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-майда саат 12:23тө аталган үч үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Тилсиз жоо саат 14:57де чектөөгө алынган.

Пикир

Оставить комментарий