• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

250 миң сом. Бишкекте чет өлкөлүк инвестордон опузалап пара алып жаткан тергөөчү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Түрк жаранынан опузалап пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнун тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу түрдө көрүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын ИИББнын Ленин райондук ИИБнын тергөө кызматынын ага тергөөчүсү милициянын капитаны Ж.С.Т. чет элдик инвестордон акча талап кылып, алып жаткан жеринен кармалды.

Тергөөчү Ж.С.Т. 380 миң доллар өлчөмүндөгү мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча КР ИИМне жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган Түркиянын жараны Д.Ш. 3 миң доллар өлчөмүндө опузалап акча каражатын талап кылган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара алуу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ленин районунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү Ж.С.Т. келип түшкөн арызды кароонун оң натыйжасы үчүн чет элдик инвестордон 250 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

УКМК ишкерлерди жана инвесторлорду мамлекеттик, муниципалдык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү опузалап акча талап кылган учурда УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө 0 (312) 66-04-75; 62-65-04 телефон номери аркылуу кайрылууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий