• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

250 млн доллар. Лейлектеги кварц кумунан айнек жасоочу ишкана ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 02.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткендин Лейлек районундагы кварц кумунан айнек жасоочу ишкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Экономика жана финансы министринин орун басары Жарасул Абдураимов билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусу боюнча министрлер кабинети тарабынан тескеме, план кабыл алынганы турат.

“Учурда облус, район жетекчилерине бизнес долбоорлордун демонстрациялык түрүн (демоверсия) бердик. Алар да жергиликтүү адистер менен карап чыгып, анын негизинде ишке ашырат. Маселен, Лейлек районунда каржылык сыйымдуулугу жогору, 250 млн доллардан кем эмес болгон долбоорду жүргүзүшүбүз керек. Айнек чыгара турган ишкананы ачуу керек деп ойлойбуз. Себеби Лейлектеги кварц кумунун запасы чоң көлөмдө бар. Ал кум 92-94 пайызга чейин таза. Андан айнек, шише бөтөлкөлөрдү чыгарса болот. Бүгүнкү күндө ишкананы ачуу боюнча иштер жүрүүдө”, - дейт ал.

Абдураимов министрликтин алдында Экономиканы изилдөө институтунда бизнес долбоорлор түзүлүп жатканын белгиледи.

“Баткенде ошондой эле мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү "Алыш-Дан" жеке ишканасы бар. Аны кеңейтели деп жатабыз. Мындан сырткары, азыр өзүм жетекчилик кылып Кыргызстан боюнча 52 бизнес долбоорду иштеп чыктым. Анын ичинен 25-30га чейинки долбоорду 1-2 жылдын ичине ишке ашырышыбыз керек”, - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий