• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

25нен 29-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.11.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25нен 29-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, 25-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын айрым жерлерде күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, түнкүсүн жана эртең менен Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

26-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

27-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

28-ноябрда кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

30-ноябрда жана 1-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 1-декабрда күндүз жаан-чачын жаашы мүмкүн. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий