• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

26нан 29-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 26нан 29-октябрга чейин Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты. Ага ылайык, 26-27-октябрь күндөрү жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-октябрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 30-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий