• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

26-27-майда Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт – ыкчам штаб

ЕАЭБ 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Евразия экономикалык форуму Бишкекте 26-27-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынын алдында өтөт. Бул тууралуу Форумга даярдык көрүү комиссиясынын ыкчам штабынын жетекчиси, ЕЭКтин протокол жана уюштуруу менен камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков билдирди.

"Бардык өлкөлөр Евразия экономикалык кеңешинин жыйынын өткөрүүнүн датасын жана ордун бекитишти. Азыркы учурда Кыргызстан тараптан дагы, Комиссия тараптан дагы даярдык көрүү иштери жигердүү жүрүп жатат. 8-апрелде КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин жетекчилиги астында уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрүү пландалууда, анда форумдун концепциясын бекитүү күтулүүдө", - деди Данияр Турусбеков.

Ал форумдун алкагында ЕАЭБдин мамлекет башчыларынын катышуусунда пленардык жыйын, ошондой эле 6 панелдик сессия жана ЕАЭБдин агроөнөр жай товарларынын көргөзмөсү пландалууда.

"Бизнес-коомчулуктун, илимий жана эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрүн форумга катышууга чакырам. Жаңылыктарга биздин расмий сайтыбыздан жана Комиссиянын маалымат ресурстарынан көз салыңыз", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий