• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

26-30-августка карата күтүлгөн аба-ырайы

Коом 0

Бишкек, 25.08.19. /Кабар/. 26-августта жана 27-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 27-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан жаап күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-августта күндүз жана 29-30-августтарда кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий