• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Марттын аягына чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. 26-30-мартта Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-30-марттарда тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. 26-мартта күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, 28-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, 29-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, 29-мартта күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

29-30-марттарда абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5° жылуу, күндүз 1…6° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6° жылуу, күндүз 8…13° жылуу, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 2…7° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19° суук, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий