• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

26-30-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. 26-27-октябрь күндөрү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетип, шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

28-октябрда Ош облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

29-октябрда түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ал эми Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-октябрда күндүз жана 30-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-октябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустаранын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий