• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

26-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Эртең, 26-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15, Талас облусунда түнкүсүн -1…-3, күндүз 8…13 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16, Баткен болсо түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16 градус.

Эртең Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6 градус, күндүз 13…15 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий