• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

26-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 22-августтан 26-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

22-23-августтарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

24-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-августта түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-августта күндүз жана 26-августта түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 26-августта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

22-23-августтарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

24-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт.

25-августта жаан-чачын күтүлбөйт. 26-августта өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

22-24-августтарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

25-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

26-августта түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-августта түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

22-августта күндүз, 23-августта жана 24-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

24-августта күндүз жана 25-августта түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-августта күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

26-августта түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-26-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

22-24-августта жана 25-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-августта күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

26-августта мезгил-мезгили менен жаан-жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-26-августтарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-23-августтарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

24-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-августта күндүз жана 26-августта түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 26-августта күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий