• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

26-февралга чейин Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? — Синоптиктердин божомолу

Коом 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Билдирүүгө таянсак, эртең, 22-февралда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

23-февралда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

23-февралда күндүз жана 24-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

24-февралда эртең менен жана күндүз, 25-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 25-февралда күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

26-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий