• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

26-январда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 26-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -1...+4, Талас облусунда -2..+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 0...+5, Ысык-Көл облусунда +1...+6, Нарын облусунда -6...-11 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы 0...+2, градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий