• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

26-январга карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 25.01.18. /Кабар/. Кыргызстанда 26-январда айрым жерлерде бир аз кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -10...-15;

Талас облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -4...-9;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...4;

Баткен облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7...-12, 0...-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -20...-25, -13...-17 градус суук болот.

Эртең, Бишкекте кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн - 20...-24, күндүз -8...-12 градуска чейин төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий