• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

26-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Эртең, 26-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы, Чүй облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...+3, Талас облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...+4 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2, Нарын облусунда болсо абанын температурасы түнкүсүн -17...-22, күндүз -2...-7 суук болушу ыктымал.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -5...-10, күндүз +2...+7 градус болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн-10…-12, күндүзү 1…3 градус жылуу болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий