• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

26-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.07.19. /Кабар/. Эртең, 26-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37 градус, Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 30…35 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28 градус ысык болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38 градуска чейин ысык болушу күтүлөт.

Борбор калаабыз Бишкекте абанын түнкү температурасы 19…21, күндүз 34…36 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий