• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

26-июнга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. Эртең, 26-июнда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36, Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 30…35 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27, Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27 градуска чейин жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36, Баткен облусунда түнкүсүн 15…20, күңдүз 31…36 градус болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19 градус, күндүз 33…35 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий