• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

26-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.06.18. /Кабар/. Эртең, 26-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт. 27-28-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16 градус, күндүз 25... 27 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий