• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

26-март. Республикалык штабдын 26-мартка карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жаңы учурлары катталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Республикалык штабдын 26-март саат 20:00гө карата маалыматы:

- Өлкө ичинде бардыгы болуп коронавирустун 44 учуру катталган: алардын ичинен 6 адам – реанимацияда – аларда пневмония байкалган. Калгандарынын абалы орточо жана канаттаандыраарлык.

- "Өзүн-өзү изоляцияга алуу – коронавирустун жайылып кетишинин болтурбоо жана оорунун алдын алуу боюнча натыйжалуу чаралардын бири болуп саналат, муну дүйнө жүзү боюнча колдонушат", - Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

- Каржы министрлигинин COVID-19 атайын эсебине 35 млн 294 миң келип түштү. "Коронавируска каршы күрөшүүдө бардык эле бизнесмендер жана жарандар өзүнүн акча каражаттарын Финансы министрлигинин административдик эсебине которбойт. Алар жеке каражаттарын өз алдынча бөлүштүрүп жатат", - деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

- Коронавирус илдетинин алдын алуу максатында Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү.

- Өкмөт өнөр жай товарларын жана техниканы онлайн режимде сатууга өтүүнү сунуштайт.

- Саат 20:00дө комендаттык саат башталды, ал эртең мененки 07:00 чейин уланат. Медиктер, энергетиктер, ӨКМ, ИИМ жана башка маанилүү кызматтар 24/7 режиминде иштеп жатышат.

"Коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө үчүн карантинди жана өзүн-өзү изолляцияга алууну милдеттүү түрдө аткырыш керек. Тилекке каршы, үй карантинге алынган жарандар көчөдө эркин басып жүрүшөт жана изоляциянын эрежелерин сактабай жатышат. Мындай кылганга болбойт! Карантиндин талаптарын аткарбагандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын унушпаш керек", - деп эскертет Саламаттык сактоо министрлиги.

Пикир

Оставить комментарий