• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

26-ноябрга карата Кыгызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. 26-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…-7, Талас облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6, Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 градус, күндүз -3...-5 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий