• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

26-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 26-27-ноябрь күндөрү өлкө аймагында түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул күндөрү өлкөнүн кээ бир аймактарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы, зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөйт, 26-27-ноябрларда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9 градус суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу болот.

27-28-ноябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13 градус, күндүз -1…-6 градус, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -10…-15 градус суук болушу күтүлөт.

Эртең, 26-ноябрда абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз -3…+2 градус, Талас облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 0…-5 градус суук болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы ​түнкүсүн 0...5, күндүз 1…6 градуска жетет.

Борбор калаабыз Бишкекте 26-ноябрда кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 0…2 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий