• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

26-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 26-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +15…+20, Талас облусунда +13…+18, Ысык-Көл облусунда +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16…+21, Нарын облусунда +9…+14 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +18…+20 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий