• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

26-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 22-сентябрдан 26-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

22-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

23-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-25-сентябрларда жана 26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-сентябрда күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

22-сентябрда ала булут каптап турат, жаан жаашынын ыктымалы аз.

23-26-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

22-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

23-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-25-сентябрларда жана 26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-сентябрда күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

23-сентябрда кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-25-сентябрларда жана 26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-сентябрда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

22-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

23-сентябрда Каракол шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт

24-26-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-сентябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

23-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-26-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий