• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

26 жаштагы Марат Кудайбергенов Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды

Аймак 0

Бишкек. 14.05.19 /Кабар/. 26 жаштагы Марат Кудайбергенов Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды. Анын талапкерлигин шаардык кеңештеги 31 депутаттын 22си колдоду.

Кудайбергенов – “Замандаш” депутаттык фракциясынан. 1993-жылы туулган, Балыкчы шаарынын тургуну. Ж. Баласагын атындагы КУУну “Финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эске салсак, Балыкчы шаарынын мэри кызматына “Замандаш” жана “Кыргызстан” депутаттык фракцияларынан эки талапкер көрсөтүлгөн болчу.

Пикир

Оставить комментарий