• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

26 жаштагы милиционер иш учурунда атынып өлдү

Кырсык 0

Бишкек, 02.12.17 /Кабар/. Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы ИИМдин кампасында 26 жаштагы милиционер иш учурунда өзүн атып өлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов билдирди. Маалыматка ылайык, 1-декабрда 19:00 чамасында ИИМдин кампасында нөөмөттө турган кичи сержант Эрлан Солпуевдин сөөгү табылган.

Алдын ала тергөөдө милиционер Калашников автоматы менен өзүн башка атканы аныкталган. Ал кырсык болгон учурда кампаны кайтарып жаткан.

Учурда ИИМ бул боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий