• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

27-28-ноябрда Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым көчөлөрү жабылат

Коом 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. 27-28-ноябрь күндөрү Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрда Казакстандын президенти Касым Жомарт-Токаев мамлекеттик визит менен келсе, эртеси күнү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтөт.

Алдыда күтүлүп жатка иш-чараларга байланыштуу төмөнкү көчөлөрдө чектөө киргизилет:

  1. "Манас" аэропортунан Фучик көчөсү менен Жибек Жолу проспектисине чейин;
  2. Фучиктен Чүй проспектисине чейин;
  3. Жибек Жолунан Манас проспектисине чейин;
  4. Чүй проспектиси менен Манаска чейин;
  5. Манас проспектисинен Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнө чейин;
  6. Фрунзе көчөсүнөн Абдрахманов көчөсү менен Бөкөнбаевге чейин;
  7. Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилеринен резиденцияга чейин.

"Урматтуу шаар тургундары, киргизиле турган убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен кароого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий