• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

27-апрелге карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.04.18. /Кабар/. Эртең, 27-апрелде өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде өткүн өтүп, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймыктарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 17...22,

Талас облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15,

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16,

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 19…21 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий