• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

27-декабрга карата аба ырайы: туман каптап, кар жаайт

Коом 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында бүгүн 27-декабрда кар жаашы күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас,Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорундатуман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл облусунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3, Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3.

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8.

Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -6…-11 градус суук болот, Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз -2…+3.

Пикир

Оставить комментарий